Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Садыр Жапаров Баткендеги өнөр жай, соода жана логистикалык ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты

03.04.2021 21:31
3149
Садыр Жапаров Баткендеги өнөр жай, соода жана логистикалык ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Өкмөттүн токтомунун негизинде 172,9 гектар жер тилкеси өнөр жай аймагына берилген.


Бүгүнкү күндө өнөр жай аймагына жаңы ишканаларды ачуу үчүн 19 жеке ишкерден арыздар келип түшкөн. Жакынкы жылдары 28 жаңы ишкана ачуу пландаштырылууда, анда эки миңден ашуун жумуш орду түзүлөт.


Учурда жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө жана текстиль фабрикасы, өрүктү кайра иштетүүчү фабрика, касапкана, 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин курулушу жүрүп жатат.


Жакынкы айларда дагы бир нече ишкананын курулушу башталат. 2021-жылдын соңуна чейин пахта майын жана желим идиштерди өндүрүүчү цех, сүттү кайра иштетүүчү завод, биогумус өндүрө турган ишкана куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.


Баткен шаардык мэриясы өнөр жай зонасына электр кубаты жана суу менен камсыздоо түйүндөрүн жеткирүү, ошондой эле жол салуу менен коммуникация маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгы белгиленди.


Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп, элди кызыктырган суроолорго жооп берди.


Президент жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын баса белгиледи.


Мамлекет башчысы түшүндүргөндөй, бул иштер жарандардын мамлекеттик ипотекалык насыялоо өнөктүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга реалдуу мүмкүнчүлүк алышы үчүн жасалууда. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнеске дем берүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн жеңилдетилген ставка менен узак мөөнөттүү пайызсыз насыяларды берүү пландаштырылууда.


Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү бийликке жерди трансформациялоо укугун өткөрүп берүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди, жергиликтүү бийликке бул багытта ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.


Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликтин көңүлүн ички инвесторлор менен ишкерлердин маселелерин чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө бурду. Ошондой эле мамлекет алардын ишмердүүлүгү үчүн шарттарды жакшыртууну улантат деп ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн