Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:10
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Садыр Жапаров ID-карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жарыялады

19.06.2024 18:52
161
Садыр Жапаров ID-карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жарыялады


Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына паспортторду алмаштырууга акция жарыяланганын жазды.


Маалыматка ылайык, акция 1-июлдан 31-августка чейин жүрөт. Андан кийин паспорттор өздүк баасына, тагыраагы, 600 сомдон алмаштырылат.


"Буга чейин "чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен" деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID-карталары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID-карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, коргоочу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт", — деп жазган мамлекет башчы


Мамлекет башчы "Учкун" мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине 1-июлга даяр болууну тапшырган.


"Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек", — деген президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн