Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров Илхам Алиевге альбом белек кылды

12.10.2022 09:23
257
Садыр Жапаров Илхам Алиевге альбом белек кылды

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын биринчи күнү президент Садыр Жапаровдун атынан расмий кече менен аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Анын айтуусуна караганда, меймандар үчүн кыргыз жана азербайжан эстрадасынын репертуарындагы чыгармалар аткарылып, концерттик программа тартууланды.


"Ошондой эле кыргыз жана азербайжан элдеринин бий номерлери аткарылды. Расмий кече жүрүшүндө Садыр Жапаров Ильхам Алиевге анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары учурундагы сүрөттөрү камтылган альбомду белек катары берди", - деди Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн