Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышууда

14.10.2022 12:15
284
Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы   Конгресс-борборго келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.


Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү. 


Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.


Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн