Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров: Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр

24.02.2021 22:14
634
Садыр Жапаров: Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр

Кыргызстан Россия менен кызматташууга ар дайым даяр. Мындай пикирин  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди.


Мамлекет башчылардын жолугушуусу бүгүн, 24-февралда С. Жапаровдун Россияга болгон биринчи чет элдик сапарынын алкагында өттү.

Садыр Жапаров анын мамлекет башчысы катары чет өлкөгө болгон биринчи иш сапары Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелеринин жогорку деңгээлин далилдей тургандыгын баса белгиледи.

“Биз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөнү улантуу ниетиндебиз”, - деп айтты Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө саясий жактан кыйын болуп жаткан мезгилде Владимир Путиндин жеке колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Россия менен мурда жетишилген келишимдердин баарын сактоону улантарына ишендирди.

“Биз ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүнү көздөйбүз. Бул өлкөнүн тышкы саясий курсунун артыкчылыгы”,- дейт ал.

Мындан сырткары, эл аралык коомчулук тарабынан тастыкталган россиялык вакцинанын натыйжалуулугун жана коопсуздугун баса белгилеп, Кыргызстанда вакцинациялоо өнөктүгү жакын арада башталаарына үмүт артарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн