Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров: Мындан ары мамлекеттик сыйлыктар сатылбайт, тааныш-билиштер албайт

02.09.2022 10:18
992
Садыр Жапаров: Мындан ары мамлекеттик сыйлыктар сатылбайт, тааныш-билиштер албайт

Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда. 


Садыр Жапаров өз сөзүндө буга чейин мамлекеттик сыйлыктар "дүжүр" адамдарга гана берилип келгенини билдирди.


"Буга чейин баарыңыздарга маалым болгондой мамлекеттик сыйлыктар сатылчу. Мамлекеттик сыйлык "дүжүр" адамдарга же тааныш-билиш аркылуу берилип келген.


Мен болсо мамлекеттик сыйлыктар сатылбашы үчүн комиссия түзүп, чындап элге эмгеги сиңген, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга берилерин тапшырдым.


Азыр араңыздарда мени сындап жүргөн улуу муундун, орто муундагы жана жаштардын өкүлдөрү бар",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Баха Баги
Товарищ президент эмне кереги бар эле сыйлык берилет берилбейт дештин?Бул силердин иштеген результат болуп эсептелбейт. Не надо оправдываться дегендей болуптур.