Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга көз салып турат

16.08.2021 14:18
1028
Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга көз салып турат

Президент Садыр Жапаров Афганстан Ислам Республикасында түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат.


Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда. Президент Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.


Тышкы иштер министрлигине Афганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.


Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн