Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарында мигранттардын үмүтү акталабы?

18.02.2021 10:48
670
Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарында мигранттардын үмүтү акталабы?

2020-жылы март айында коронавирус илдетинин алгачкы учурлары катталып баштаган кезде оорунун жайылып кетпеши үчүн Кыргызстан да башка мамлекеттер менен болгон чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон. Бул кезде Россияда жашап, иштеген дээрлик миллиондой кыргыз жарандары кыйын абалга кептелген.


Оору баштагыдан күчөп, май айларында чектөөлөр күчөтүлуп, өзгөчө абал уламдан улам узартылып турган. Бул кезде Россияда жашаган кыргыз жарандары ар кандай жүйөлүү себептер менен өз мамлекетине кайта баштаган. Алар эки тараптуу аба каттамы токтотулгандыгына байланыштуу унаалары менен Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. Айрыкча Россия менен Казакстандын чек арасын канчалаган кыргызстандыктардын нансыз, суусуз калганы дагы деле көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Аларды мамлекет автобустардын колоннасы менен мекенибизге алып келген.


2020-жылдын күзүндө коронавирус илдетинин биринчи толкуну аяктап, абал турукташып, чектөөлөр алына баштады. Эл аралык аба каттамдар чартердик, андан кийин жумасына бир жолудан жөнөкөй рейстер ачылды. Буга байланыштуу коронавирустун алгачкы толкуну башталган кезде мекенибизге кайтып келген миңдеген жумушсуз мигранттар кайрадан Россияга кетүүгө камынды. Бирок көпчүлүгү авиабилеттин баасынын кымбат болгонуна байланыштуу азыркы учурда да айласын таппай турган кез.


Февраль айынын аягында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун Россияга боло турган иш сапары белгилүү болду. Бул иш сапар катардагы иш сапар эмес, мигранттар бул иш сапардан көптү үмүттөнүүдө.


Көпчүлүк мигранттар Россияга болгон авиабилеттердин баасынын жеңилдетилиши жана “кара тизмеге” кирип калган жарандарды тизмеден чыгарууда Садыр Жапаровго ишеним артып турат.


Кыргызстандын экономикасына зор салымын кошуп келе жаткан мигранттардын үмүтүн президент актай алабы?


Жоробай Калыков

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Усон тешкбаев
Урматтуу
Нурлан
Оова чынында актуалдуу маселе болуп турат кыргызстанда жумуш жок эки учтон админстративдик штрафы (ПДД) барлардын баары запретте же кара тизмеде амнистсия сурап чечип келсе жакшы болоор эле рахмат