Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров Түркияда 40 адамдын өмүрүн алган шахтадагы жарылууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

15.10.2022 19:20
397
Садыр Жапаров Түркияда 40 адамдын өмүрүн алган шахтадагы жарылууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.


«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн