Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 15:17
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров ЖККУнун кезексиз жыйынына катышат

23.08.2021 09:48
746
Садыр Жапаров ЖККУнун кезексиз жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.


Сессия Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтө турган иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн