Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-майд, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.
Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн