Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл койду

21.08.2021 11:25
929
Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.


Быйыл, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт.


Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.


Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн