Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров арзандатылган кредиттерди депутат, бизнесмендерге кимдер бергенин текшерүүнү Ташиевге тапшырды

26.11.2021 12:29
596
Садыр Жапаров арзандатылган кредиттерди депутат, бизнесмендерге кимдер бергенин текшерүүнү Ташиевге тапшырды

Дыйкандарга берилген жеңилдетилген насыянын 97 пайызын бизнесмендер, депутаттар жана министрлер алат экен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.


Президенттин айтымында, өлкөдө кайрак жерлер эле эмес, сугат жерлер дагы айдалбай жатат.


“Ошондон кийин мен бир топ дыйкандар менен баарлаштым. Алар акча, техника, үрөн жок, күйүүчү майдын жоктугун айтышты. Жарым жыл мурда мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасоо боюнча Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Алар текшерип, мага отчетун беришти. Дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын үч эле пайызы жетет экен. Калган 97 пайызы жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын жакын туугандары алат экен. Өкмөт аны дыйкандарга берип жатат. Акчаны жүз пайыз дыйкандар алышы керек болчу”, - дейт президент.


Жапаров аталган маселени чечүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берди.


“Кайсыл банктар берген? Мисалы, “Айыл Банк” менен “РСК” же жеке банктар. Ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз”, - деди өлкө башчысы.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн