Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун жеткиликтүү иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түздү (тизме)

09.02.2023 12:53
245
Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун жеткиликтүү иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түздү (тизме)

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду.


Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкуулоого алып чыгышы керек.


«Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына киргендер:


— Укушов Мурат Каниметович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;


— Айылчиев Алмаз Асимович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары — президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;


— Туратбек уулу Акылбек — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;


— Акулуев Урмат Шабынович — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги;


— Ажыбаев Майрамбек Рысмендиевич — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иш бөлүмүнүн начальниги;


— Курманбаева Аида Маратовна — «Адилет» Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун өкүлү;


— Аскарбеков Айбек Аскарбекович — «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү;


— Качикеева Бакыта Женишбековна — «Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун өкүлү;


— Эргешбаева Таттибубу Нурбековна — «Кей Джи юристтер коомчулугу» коомдук фондунун өкүлү;


— Дуйшенбеков Нурдин Ракымбаевич — «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Какеев Искендер Бакытович — «Сорос Кыргызстан» коомдук фондунун өкүлү;


— Ускенбаева Гульнара Тураровна — «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү;


— Умуралиева Калича Кусеиновна– «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү;


— Байжуманова Аида Сарайбековна — «Укуктук кыймыл: Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Добрецова Надежда Николаевна — «Өнүктүрүү саясий институту» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Чиркина Галина Эдуардовна — «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Ашуров Азизбек Джусунбекович — «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Ашуралиева Тахмина Мирзалыевна — көз карандысыз юридикалык эксперт;


— Сатыбеков Бакытбек Эркинович — «Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү;


— Жуманазарова Аида Байышбековна — Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн