Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров чек арадагы окуя боюнча кайрылуу жасады

17.09.2022 13:03
1327
Садыр Жапаров чек арадагы окуя боюнча кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Президенттин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу калайык-журт!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя - курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду.

Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту.

Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем.

Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз - жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул- кыздары.

Ошондуктан, эл-журтубузга дагы кайрат айтаар элем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.

Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып аткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти.

Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем.

Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады.

Урматтуу агайын- туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз.

Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз.

Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!

Сиздерге белгилүү, Өзбекстан Республикасы менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды.

Ал эми кыргыз-тажик-чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат.

Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси - өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе.

Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калматов ибрайимбек
Мен баткендин тургуну болом бул чыр кайра кайра кайталанып жатат .эгер чек араны чечпесениз бул чыр токтобой баардык ишти токтотуп тез арада чечуу керек .кыргызстанды сактап калам десениз .бул чоон согушка айланып кетет.баткен ели мындан артык чыдай албайт