Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:10
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Садыр Жапаров кайсы долбоорлого артыкчылык берерин айтты

28.01.2021 11:47
638
Садыр Жапаров кайсы долбоорлого артыкчылык берерин айтты

Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке ашыруу президент катары милдетим. Бул тууралуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.


Анын айтымында, калың элдин жеңиши уурдалбайт жана калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт.

"Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин.Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын", - дейт ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн