Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 01:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту

19.09.2024 14:41
258
Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен “Ынтымак Ордодо” жолугушту.

Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып өттү.

Президент Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2024-жылы Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын президентинин фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратынын коридоруна орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасына каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Апас Жумагулов Мамлекет башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Апас Жумагуловго эстеликке белектерди тапшырып, анын мамлекеттин өнүгүшүнө жана элге кызмат кылуудагы көп жылдык салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн