Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

11.10.2022 17:11
259
Садыр Жапаров менен  Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду



Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.


“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.


Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.


Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.


Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн