Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин туулган айылдары эле өнүгүп жатабы? Эрбол Султанбаев комментарий берди

09.11.2022 14:15
261
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин туулган айылдары эле өнүгүп жатабы? Эрбол Султанбаев комментарий берди

КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди.


“Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм.


Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:


- 99 мектеп;


- 25 бала бакча;


- 16 саламаттык сактоо объекттери;


- 6 маданият тармагындагы объекттери;


- 5 спорткомплекс;


- 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;


- 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).


Анын ичинде облустар боюнча:


Чүй облусунда — 22 объект;


Баткен облусунда — 46 объект;


Жалал-Абад облусунда — 27 объект;


Ысык-Көл облусунда — 18 объект;


Нарын облусунда — 18 объект;


Ош облусунда — 47 объект;


Талас облусунда — 15 объект.


Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү”, - деп маалымдады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн