Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи (ФОТО)

11.03.2021 18:42
689
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи (ФОТО)

Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.


Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.


Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн