Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров пультун алдырбайбы?

19.01.2021 15:10
965
Садыр Жапаров пультун алдырбайбы?

 

Мындан 3 жылча мурда  Олжобай Шакир  маекке чакырып, депутаттар Алманбет Шыкмаматов  менен Жанар Акаев, журналист Нарын Айып төртөөбүздү,  маек курдук эле. Ошол жерде кадимки эле телевизордун пультуна байлап бир жаңы аңгеме - икая айттым эле,  аны  Олжобай мырза өзүнүн “РухЭш” сайтына жарыя кылган. Ошондон улам ошол кыскача экспромт икаяны жасап-түзөп, толуктап туруп  окурмандарга өзүнчө эле Фейсбукта тартуу кылып коюуну чечкем, бул жерде бир топ талкуу болгон. 


Шайланган Президент Садыр Жапаровдун ".. Кудай буйруп бийликке келип калсам, бардык чечимдерди мен өзүм кабыл алам, өзүм башкарам. Эч кандай шоопур же болбосо үй бүлө, бир тууган же досторго бийликти бербейм..." - деген сөзүн эшитип ошол ПУЛЬТ деген икая-аңгемени кайра дагы бул жерге берип койсом туура болобу дедим.  Кандай кылган күндө дагы ПУЛЬТ темасы учурлаш тема да азыр ...


ПУЛЬТ

(аңгеме-икая)


 Дастаркон үстүндө отурабыз, адаттагыдай эле сөз өңүтү айланып-тегеренип отуруп саясатка бурулду, кеп Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдордун тегерегинде. Мен:


- Акаев, Бакиев, Атамбаев үчөө оп-окшош, чулусунан алганда айырма деле жок, Отунбаева гана өзгөчөлөнүп турат алардан – деп калдым.  Баары мага кулак түрүп калышты. Ортодо Телтай кудам:


- Бир тапан  “бирөө качып кетти, бирөө атып кетти, дагы бирөө чычып кетти” – деп жазганын айтканы жатасыз го ээ – деп күлүп калды.


- Жок, ал окшоштук эмес, тетирисинче айырмачылык. Биринчи окшоштук – үчөө тең Баш мыйзамга кол салышып, мыйзамсыз референдум өткөрүштү, ошону менен өлкөдө  укуктук башаламандыкты орнотушту, өздөрүнүн “авторитардык” бийликтерин орнотушту,  экинчиден – үчөө тең “Кумтөр” кенин күрп тооктой коргоп, эч кимди жолотпой жеке басып корушту, өз кызыкчылыктары үчүн элге кыянаттык кылышты, чет элдик шылуундардын талоонуна дуушар кылышты, ошончо алтын элдин жыргалчылыгы үчүн эмес бир ууч аферисттердин чөнтөгүнө иштеп жатат,   үчүнчүдөн – үчөөнүн тең бийлик системасы бир эле нукта  болду, “үйбүлөлүк-кландык” башкаруу деп айтып жүрбөйбүзбү, бир гана өзгөчөлүк Атамбаев “үйбүлө” деген жагын жымсалдап, бийликке аралаштырмамыш болгону менен өз “ат кошчуларынан” турган “клан” түзүп алды, мурункулардан айырмасы деле жок, бир үйбүлө мүчөлөрүнөн  куралган клан менен аткошчулардан куралган клан бирдей эле. Ал эми эң башкы окшоштук – ал үчөө тең ууру- дедим.


- Уурулугу кандай, миллиондогон доллар акча,  жер, мүлк уурдаганыбы? – деп сурап калышты.


- Ой жок, акча уурдашканы ачык эле болуп турбайбы, эл андай уурулукту этибар деле кылбай калбадыбы, көнүмүш иш. Үчөө тең ПУЛЬТ уурдашты - дедим.


- Ал эмне пульт?


- Кадимки эле пульт. Маселен,  үйдө ким кожоюн экендигинин бир белгиси бул пульт, кадимки эле телевизордун пульту, аны ким кармап отурса үйдө ошол кожоюн, аялы кожойке болсо аялы кармайт, каалаган каналга коюп алат, баласы кожоюн болсо ал кармайт, каалаган жагын көрөт, ал эми күйөөсү кожоюн болсо ал кармайт, каалаганын көрөт, а түгүл диванда кыйшайып уктап калса дагы колдон пультту чыгарбайт, кармаган боюнча уктайт, башка каналга акырын которуп койсоң шарт ойгонуп мурдагы каналга койот да кайра уктайт ...


- Анын Акаев, Бакиев, Атамбаевдерге кандай тиешеси бар?


- Бар, бар болгон үчүн айтып жатпайынбы. Мына ушул сыяктуу эле Мамлекетте да пульт бар, бийликтин пульту, мына ошону Президент кармап отурууга тийиш, аны башка эч кимге бербей, колдон чыгарбай, өзүнүн иш кабинетинде  кармашы керек. Ачыгын айтсак 2005-жылдагы Март революциясынын, 2010-жылдагы Апрель революциясынын, анан азыр жылма мүнөздө болуп жаткан 2018-жылдын Апрель революциясынын башкы себеби эле ошол Пульт. Анткени улам бир референдум өткөрүп, ары тоголотуп, бери тоголотуп атып Акаев бийликтин Пультун уурдап кетип жатпайбы, үйүнө алып барып коюп алды да. Анан ал Пультту улам бири кармалай баштады, бирде аялы Майрам кармалайт, бирде кызы Бермет күйөөсү Адил менен чогуу, бирде баласы Айдар... Мына ушуну “үйбүлөлүк” башкаруу деп атпайбызбы... Ошого каршы күрөш болуп жатпайбы... Эл ошондо  айтты да – урматтуу Президент, мамлекеттик бийлик Пультун алып келип ордуна коюп коюңуз, үйбүлөңуз аралашпасын деп. Ал укпады, эл толкуду, аргасы жок качты. Анан Пульт Бакиевге тийди. Адегенде Пультту өзү эле кармап отургансыды, бирок ал дагы жымырып үйүнө алып кетип калды. Анын бир туугандары да көп экен, анан эки баласы, аялы – иши кылып ар кимиси чукулап басып жатып калышты. Эл Бакиевге да айтты - болбойт мындай, алып келип ордуна коюп кой – деп. Жок, болбоду, уккан да жок, тетирисинче өзүмдөн кийин кичүү балам Максимге берем бул Пультту деп чыкты. Эл кайра толкуду, ал толкунду мөндүрдөй жааган ок менен токтотом деди, болбоду, “түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” деген чын белем, каптап кетти, ал дагы качты. Анан Пульт убактылуу Отунбаевага тийди, ал киши тыкан кармады, эч кимди жолоткон жок, каада-салты менен Атамбаевге өткөрүп берди. Анан Атамбаевди да Кудай урду, ал Пультту уурдап кетти үйүнө. Бирок аялына карматкан жок, балдары жаш болуп кармалоого жетишпей калды, мурунку аялынан балдары жолой алышкан жок, кантсе да үйдүн чамгарагы башка да, бирок аларга энергетика жагынан жакшы шыбага тийди деп угуп калдык. Көп өтпөй эле шопуру, жансакчысы, секреташрасы...иши кылып жанында жүргөн аткошчуларына оңдой берди болду, жабылып эле басып жатып калышты, ары тартып- бери тартып. Эл дагы кайра сурай баштады, эй, Пульт кайда, аны кимдер пайдаланып жатат  деп. Жооп жок. А түгүл ал Пультту эч кимге бербей, мындан ары да өзү эле кармап отура берүүнүн амалын издеди, жолун тапкандай болду, бирөөн өз ордума отургузуп койсом, анан Максимдин жерине салган Хан-Сарайда жатып Пульт менен башкара берем да деди.  Ошентип аргасы жоктон Жээнбековду президент шайлатты, бирок ага Пультту бергиси келбеди, өзүмдө эле кала берсин, сен мунусу жок деле Президент болуп отура бер, досум эмессиңби деди. Ал болсо: “Жок, мени Эл шайлады да, анан элге эмне деп айтам, Пульт кана десе эмне деп жооп берем, өзүмө эле берип коюңуз” – деп көөшөрдү. Атамбаев ага ынабады,  андай болсо колуңдан жетелеп эшикке чыгарып койом дегендей ишарат да кылды. Бирок Жээнбековдо эрк бар экен, достугумду тана албайм, бирок “Чык эшикке!” деген сөздүн автору мен дегендей кылып Атамбаевдин таянычы, ишеничи, керек болсо күч-кубаты болумуш болуп турган “балашкаларын” чогусу менен тышка түртүп чыгарып салды. Эл ичи уу-дуу эле болуп калды, мындай ишти жапа тырмак эле колдоду. Ошентип азыр Пульт Жээнбековдун колунда. Эми ал дагы элден жазгырып, акырын үйүн карай уурдап кетпесе экен деп Жараткандан тилейли, урук-туугандуу, жек-жааттуу киши эмеспи, андай болсо кайра эле мамлекеттин башына, элдин башына түшкөн тозок болот... – деп аңгемемди аяктадым.


- Оп-балии... элге мына ушунтип түшүндүрүш керек экен – деп отургандар кубаттап калышты, аңгеме-икаям жакты, анан “Жаңы шайланган президент Жээнбековдун алгачкы кадамдары түз эле болуп жатат, коомдогу үзүлгөн үмүттөрдү кайра жандырбадыбы... эми ошол Пульт ордунда болуп, бул бийлик Элге ак жолтой болсун, Пультту уурдоо токтосун!” – деп тост да көтөрүп жибердик.


Эмилбек Каптагаев


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн