Кулжа 18, 2024
Убакыт: 18:33
USD
86.90
87.80
EUR
93.40
94.40
RUB
0.955
1.000

Садыр Жапаров Өзбекстан элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

14.06.2024 17:28
278
Садыр Жапаров Өзбекстан элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовду анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Садыр Жапаров Хуршид Мирзахидовдун Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси катары кыргыз-өзбек өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Президент Хуршид Мирзахидовдун дипломатиялык кызматында эки жактуу маанилүү иш-чаралар жана бардык деңгээлдеги сапарлар ишке ашып, бир катар маанилүү кыргыз-өзбек эки тараптуу документтерге кол коюлганын, соода-экономикалык багытта жакшы натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен белгиледи. Тактап айтканда, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, учурда пландуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо аяктады, эки жактуу мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты, биргелешкен өнөр жай кооперациясында жаңы мейкиндиктер ачылды.

Бул өңүттө Садыр Жапаров өзгөчө жана маанилүү роль Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык экенин айрыкча белгиледи.

Өз кезегинде Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидов президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын бардык жылдарында өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген колдоо жана достук мамилени сезип келгенин белгилеп өттү.

Ал Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана спорт чөйрөсүндө жигердүү өнүгүп жатканын өзгөчө канааттануу менен баса көрсөттү.

Элчи кыргыз тарапка жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсүндө мындан ары да колдоо көрсөтүү ниетин билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн