Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталды. Мындай пикирди милициянын полковниги Номанжан Аркабаев билдирген.
Ал президент Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына ээ болгон президентке салыштырып, Жапаров да сыйлыкка татыктуу деген пикирде.
"Биз да, кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр, чыныгы мекенчил Садыр Жапаровдун талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтсөк неге болбосун?
Садыр Нуркожоевич өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз.
Урматтуу мекенчилдер, келгиле, ушул демилгени колдоп бериңиздер жана аны ишке ашырууга биргелешип аракет кылалы" ,- деген пикирин айткан.
Пикирлер (20)