Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары жыйынтыкталды

11.06.2021 23:13
1066
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары жыйынтыкталды


Бүгүн, 11-июнда, Президент Садыр Жапаров Түркиядагы расмий иш сапарын жыйынтыктап, Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу президенттин Администрациясынан билдиришти.


Мамлекет башчысынын иш сапары Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталган.


Андан ары Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.


Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.


Мамлекет башчысынын иш сапарынын экинчи күнү  Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды. Анда Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.


Бул жерде Президент Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрүнүн астында сөз сүйлөдү. Аларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык жагымдуулугу көрсөтүлдү. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.


Андан соң Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.


Ошондой эле, Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн