Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон эки күндүк иш сапары аяктады

15.02.2023 08:08
179
Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон эки күндүк иш сапары аяктады

П​езидент Садыр Жапаровдун 12-14-февралда Венгрияга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Расмий иш-чаралар Будапешт шаарынын Лайош Кошут аянтында президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталды.


Мамлекет башчысы ошондой эле Баатырлар аянтындагы Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.


Садыр Жапаров менен Каталин Новак чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулашты.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алышты. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.


Пресса үчүн билдирүүлөрүндө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып жатып, Президенттер жетишилген макулдашуулар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейт жана кеңейтет деген ишенимин билдиришти.


Садыр Жапаров ошондой эле Каталин Новакты өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты.


Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.


Эртеси күнү Президент венгриялык жана кыргызстандык ири компаниялар катышкан венгер-кыргыз бизнес-форумунун ишин ачып берди. Мамлекет башчысы Венгриянын бизнес-коомчулугун Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.


Андан соң Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.


Мамлекет башчысы энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул компания менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында кызматташуу күтүлүүдө.


Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.


 

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн