Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаровдун эжеси Сегизбаевге жооп берди

08.01.2021 18:24
1869
Садыр Жапаровдун эжеси Сегизбаевге жооп берди

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Абдил Сегизбаев тараткан дооматтар боюнча жооп берди. Бул тууралуу маалыматты С.Жапаровдун Фейсбуктагы колдоочулары таратууда. Биз төмөндө Р.Жапарованын айткандарын өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

 

Абдиль Сегизбаев мырза, сизге мырза деп айтууга деле болбой калды окшойт... Сиз канча жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп келдиңиз. Акырында Кыргызстандын бүт бийлигин колуңузга кармап, эбегейсиз зор күчкө ээ болуп турдуңуз. Бирок азыр элдин алдына чыгып, адамды негизсиз эле каралап жатканыңыз сизге көнүмүш адат болуп калганбы деп ойлойм. Анткени ГКНБнын жетекчиси болуп турганыңызда, карапайым калктын балдарын камап алып, Садырга каршы көрсөтмө бер деп кыйнап ур токмокко алгандарыңыз жана суу кечпеген Юпигейт операцияңыз баардык элге белгилүү. Сөзүм сиздикиндей куру болбош үчүн төмөнкү ссылкаларды келтирейин.

 

1 - [https://youtu.be/CMJnIBN6RgI](https://youtu.be/CMJnIBN6RgI)

 

2 - [https://youtu.be/c5YeBbBm3O4](https://youtu.be/c5YeBbBm3O4)

 

3 - [https://youtu.be/L1CHy4fG2Sg](https://youtu.be/L1CHy4fG2Sg)

 

4- [https://youtu.be/N3iRBpldZvI](https://youtu.be/N3iRBpldZvI).

 

Ошол сыяктуу эле Нуркожо атамды дагы Кытайдын агенти, Садырды ошолор колдоп атат - деп бир видео чыгарыпсыз, эл билбегени менен биз билебиз, бул сиздин кол жазма экенин. Ушул жалаалардын баарына жооп берүүчү убак келе жатканына жаман болуп түн уйкуңуз качып атабы. Анткени ошол балдардын дагы убалы уктатпайт.

 

Эми Садыр Жапаров Инвестбанк Ысык-Көлдөн 2001-жылы 400 мин доллар алды дегениңизди кантип тастыктап бересиз? Бере албайсыз, анткени 2001-жылы ал банктын собственный капиталы болгону 25млн. сом болчу, доллар мн эсептегенде 500мин доллар. Бир адамга болгону 50мин долларга чейин эле кредит бере алчу. Анан кантип Садырга 400мин доллар кредит берет. Бир эле адамга банктын болгон акчасынын баарын берип койгонго закон жол бербейт. Экономикалык нормативдерди Нацбанк күндө текшерип турат.

 

Ал эми, банкты басып алдын деген сөзүңүз боюнча: эгер законду жакшы билсеңиз, ал банк акционердик банк. Акционердик обществодо кимдин акциясы көп болсо, ошол кожоюн экенин билесизби? Мени банктын башкармалыгына акционерлер, тактап айтканда Совет Директоров шайлады. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуучулук жок.

 

Абдиль мырза 5млрд долларды Максимге жууп бердин деп айтып жатасыз. А сиз тактап берсеңиз качан жана кандай жол менен жууп бериптирбиз. Сиз билимдүү адамсыз да, документтин негизинде тактап бере албасаңыз, айткан сөзүңүзгө жооп бериш керек экенин билесиз да? Дагы бир айта турган сөз, менин иштеген ишимде иним Садырдын кандай тиешеси бар, же сиз ГКНБны жетектеп турганда сиздин ишиңизди үй-бүлөөңүз менен кошо чогу иштештиңизби? Мен иштеген банкта Садыр эч качан иштеген эмес жана менин ишиме кийлигишкен дагы эмес! Негизсиз ушак тараткандан көрө, мамлекетти кантип оңдосо болот деп өзүңүздүн программаңыз жөнүндө айтсаңыз жакшы болмок. Бирок сиз кантип оңдомок элеңиз. Бийлик колуңузда турганда ондобой, эми куру бекер кыйкырыктын эмне кереги бар ээ.

 

Сизди терең урматтоо менен,

 

РАЙКУЛЬ ЖАПАРОВА

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Касымбек
Туура суйлопсуз Райгул эже.
курсанбек
эн биринчи эле 11 январь куну ушуну биринчи камасынчы тезиреек эле ушакчы саткындардын баарын турмого тыксынчы булар бар тынчтык болбойт эч качан