Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаровдун ишкерлер боюнча айтканын тиешелүү органдар иш жүзүнө ашырабы?

18.02.2021 13:03
895
Садыр Жапаровдун ишкерлер боюнча айтканын тиешелүү органдар иш жүзүнө ашырабы?

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп жатканын карапайым эл да колдоп турат. Себеби, өлкөбүздүн отуз жылдан бери карай экономикасы очорулган абалынан көтөрүлө албай жатканына ушул ажыдаарга айланган коррупция башкы себеп экени белгилүү. Чет мамлекеттерден миллиарддаган кредиттер алынганы менен мамлекетте көзгө көрүнөөрлүк жылыш болгон жок. Ошол эле убакта министр, депутат, аким, губернатор, директор сыяктуу кызматтарда отуруп эле мультимиллионерге айлангандар арбыды. Соттордун жалаң «айлык акыларына» ондогон элиталык батирлерди, хансарайларды, ири соода обьектилерин сатып алып коюп, үй-бүлөлөрү менен чет мамлекеттерге чыгып эс алып жүргөндөрүн өзүнчө айтса болот. Коррупцияга каршы күрөш дал ушундай жол менен байыгандарга багытталышы керек.


Ал эми өлкө экономикасына салым кошуп, инвестиция тартып жаткан ишкерлердин ишине бул күрөш терс таасир берип калганы туура болбойт. Айрым маалымат каражаттарында түрдүү текшерүүлөрдөн улам Кыргызстандагы иштерин токтотууга аргасыз болуп, чет мамлекеттерге чыгып кетип жаткан ишкерлер болуп жатканын жаза башташты. Демек, «Бөрк ал десе, баш ала» калмай адат дагы деле кармап жатканын түшүнсөк болот. Мындай аракеттер ансыз да оор абалга кептелген экономикабызды биротоло түпсз жарга кулата турганын эске алышыбыз керек. Салыкты өз убагында төлөп, мыйзам алкагынан чыкпай иштеп жаткан ишкерлердин ишине жөн эле тоскоолдуктарды жаратып, же болбосо кандайдыр бир «ыраазычылык» үмүт этип текшерип бара бергендин кесепетин өзүбүз эле тартабыз. Себеби, ошол ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жумушчу орундары түзүлөт. Жумушчу орундарына ээ болгондор үй-бүлөсүн камсыздайт. Анан дагы ал ишкердин төлөгөн салыгы бюджетке түшүп, андан пенсия, пособия сыяктуу социалдык камсыздоолор жасалат.


Буга чейин президент Садыр Жапаров өзү да өлкөбүздө инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттери жүрө турганын билдирген. Мурдагыдай кайсы бир ишкер Кыргызстанда иш баштоо үчүн кимдир-бирөөнү «ыраазы» кылып убара болбой турганын, жөн гана экономикалык долбоорлору өлкө үчүн пайда болсо, аны эч тоскоолдуксуз ишке ашыра ала турганын айткан. Демек, эми аны иш жүзүндө далилдөө калды. Сырттан келе турган жаңы инвесторлорду гана эмес, иштеп жаткан инвесторлорду да коргоо, колдоо маанилүү.


Ал эми мамлекеттик үлкөн кызматтарда өмүр бою иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыгандарды биринин артынан экинчисин үй камагына чыгара бербей, уурдагандарынын баарын кайра аркага кайтарып бере тургандай, ошону менен катар эле кийинкилерге сабак болуш үчүн эркинен ажыратуу да каралышы шарт. Коррупцияга каршы күрөш дал ушундай катаалдыгы менен өзгөчөлөнүшү керек. Ал эми ишкерлердин ишине тоскоолдук болуудан алыс болгону оң.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн