Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

15.01.2021 19:27
20163
Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура  Садыр Жапаровдун  активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалым болгондой 15-17-ноябрда Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасына мамлекеттик кызматкерге кысым көрсөткөн видеосун жүктөгөн.


"2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен кошо Ысык-Көл облусунун прокурорун коркуткан. Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин баштарын кесип, көздөрүн чукуп, тиштерин күүп алыш керек деген. Кийинчерээк ал Каракол шаардык сотуна кирип, видео кайрылууну тарта баштаган, анда сотту жана прокуратуранын башчысын коркуткан. Мына ушуга байланыштуу ага карата кылмыш иши ачылды. Кашкарбаевге карата "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди Башкы прокуратурадан.


Башкы көзөмөл органы ошондой эле 16-ноябрда Бакай Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип келип, соттор менен ызы-чуу кылганын билдирди. Ал болуп өткөн окуялардын бардыгын видеого тартып алган.


Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Гулбарчын
Прокуратура ушундайсынар да, миллион урдаган ууруларды козунор корбой,бетке айткан адамдарга иш козгогон уяат
Ильяс Муратбеков
Бакайга зеленный путь кылып бериш керек баардык тармактарга. Бакайды кысымга алсак анда эмне козомол боло алмак эле.
Мира
Бакай ЭЛГЕ куйгон учун туура нерселерди айтып жатат, чындык ачуу болот... башка эл душмандары кооз суйлоп, жаман иш кылып жатышат... биринчи ошолорго иш козгогула...
Ташболот амракулов
Ооба кээ бир учурларда Бакай өтө аша чаап кетип жатат.
Ажиев Мелисбек
БАКАЙ КАШКАРБАЕВ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ПАТРИОТУ.ЭМОЦИЯ МЕНЕН ГАНА СҮЙЛӨЙТ ЭКЕН.ЖАНЫ КАШАЙЫП КАТУУ ЭМОЦИЯ МЕНЕН СҮЙЛӨСӨ КОРКУТУП ДЕП ТҮШҮНГОН ПРОКУРОРЛОР ИШТЕБЕЙ ЭЛЕ КОЙСУН.КӨНГӨН ДА БУГА ЧЕЙИН АКЕ ҮКЕ ДЕП КЕЛИП АКЧАСЫН БЕРИП ПРОКУРОРЛОРДУ МАКТАП ЭЛДИН КЫЖЫРЫНА ДАГЫ ТИЙИП ЖАТАСЫҢАР ПРОКУРОРЛОР БИРДИ КӨРГӨНҮ КАЛЫШКАН ГО.ЭМИ МЕНИ ДАГЫ КОРКУТТУ ДЕЙСИҢЕРБИ?