Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

15.01.2021 19:27
20166
Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура  Садыр Жапаровдун  активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалым болгондой 15-17-ноябрда Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасына мамлекеттик кызматкерге кысым көрсөткөн видеосун жүктөгөн.


"2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен кошо Ысык-Көл облусунун прокурорун коркуткан. Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин баштарын кесип, көздөрүн чукуп, тиштерин күүп алыш керек деген. Кийинчерээк ал Каракол шаардык сотуна кирип, видео кайрылууну тарта баштаган, анда сотту жана прокуратуранын башчысын коркуткан. Мына ушуга байланыштуу ага карата кылмыш иши ачылды. Кашкарбаевге карата "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди Башкы прокуратурадан.


Башкы көзөмөл органы ошондой эле 16-ноябрда Бакай Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип келип, соттор менен ызы-чуу кылганын билдирди. Ал болуп өткөн окуялардын бардыгын видеого тартып алган.


Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Адина
Негизи Бакай чынында чектен чыгып кетти ырас болуптур омуру турмодо отсун эч кимди адамсынбай калды эле
АЛТЫНБЕК
ЧЫНДЫКТЫ АЙТКАНЫ УЧУН БИЙЛЕР СОТТОП КУТУЛГУСУ КЕЛИП ЖАТАТ
Мигрант
Ургаачы аюдай болуп айкырган бул Бакай акыл ээси жайында эмес окшойт.эртеби кечпи мындай адамга чара көрбөсө ,башка адамдар өздөрү эле тарбиялап койот.
Мира
Бакай элдик адам.эл уну.копчулук кооз соз менен суйлобой,ошол Бакайдай эле суйлой.
Айнура Бейшеналиева
Орустар айткандай " Допрыгался", биз акыры ушундай бүтөөрүн билгенбиз, Бакайды элдик текшерүүчү жумушуна чакыргандар мурунтан эскертиш керек эле, ага " Элдик текшерүүчусүнун" укугун берип жатканда аткара турган ишинин инструкциясын тастыктап бекитип, тааныштырыш керек эле. Азыр аткара турган жумушун билбеген Бакайга окшогондор көп.