Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

15.01.2021 19:27
20167
Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура  Садыр Жапаровдун  активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалым болгондой 15-17-ноябрда Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасына мамлекеттик кызматкерге кысым көрсөткөн видеосун жүктөгөн.


"2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен кошо Ысык-Көл облусунун прокурорун коркуткан. Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин баштарын кесип, көздөрүн чукуп, тиштерин күүп алыш керек деген. Кийинчерээк ал Каракол шаардык сотуна кирип, видео кайрылууну тарта баштаган, анда сотту жана прокуратуранын башчысын коркуткан. Мына ушуга байланыштуу ага карата кылмыш иши ачылды. Кашкарбаевге карата "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди Башкы прокуратурадан.


Башкы көзөмөл органы ошондой эле 16-ноябрда Бакай Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип келип, соттор менен ызы-чуу кылганын билдирди. Ал болуп өткөн окуялардын бардыгын видеого тартып алган.


Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Жора
Бул бакай атын чыкпаса жер орттодон эле болуп жатат.мындай сагызгандарды жок кылбаса мамлекеттин и бийликтин аброю дагы да ылдый тушоберет.бакай бул орустун машка кучугу эле
Талант
Бакайдын бир чачы тушуп корсун, эчтеке кылалбайсынар
Нурис
Ырас болду кок мээ малга!!! Илгерки заман болгондо бул Кемчонтойду тилинен ачыш керек эле !!!!!!!!
Бу
Бакайды кармап эле салгылачы ото эле чегинен ашып кети котун кысып журуш керек бул кетишинде жакында Мелис Аспековго окшойт бул дагы
Анара
Аны туз эле псих больницага жибериш керек эле.