Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

15.01.2021 19:27
20168
Садыр Жапаровдун колдоочусу Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура  Садыр Жапаровдун  активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалым болгондой 15-17-ноябрда Бакай Кашкарбаев Фейсбук баракчасына мамлекеттик кызматкерге кысым көрсөткөн видеосун жүктөгөн.


"2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен кошо Ысык-Көл облусунун прокурорун коркуткан. Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин баштарын кесип, көздөрүн чукуп, тиштерин күүп алыш керек деген. Кийинчерээк ал Каракол шаардык сотуна кирип, видео кайрылууну тарта баштаган, анда сотту жана прокуратуранын башчысын коркуткан. Мына ушуга байланыштуу ага карата кылмыш иши ачылды. Кашкарбаевге карата "Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди Башкы прокуратурадан.


Башкы көзөмөл органы ошондой эле 16-ноябрда Бакай Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип келип, соттор менен ызы-чуу кылганын билдирди. Ал болуп өткөн окуялардын бардыгын видеого тартып алган.


Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Бека
Ырас эле кылды ушуну
Жийде
Бакай чынында эле ото чектен чыгып кетти,биякта турган биздин да жинибизди келтирип жатат.Иштеп жаткан элге эмнеге тоскоол болот.Же ушул Бакайлардын заманы келгенби,тартипке созсуз чакырыш керек.Созсуз чара корулуш керек
Жан алгыч
Жийде 30жылда сот прокуратурадан ишенимй кетип нааразычылыктар кучоп,алар болсо акыйкатты тебелеп тепсеп элди азапка салгандыгы учун элдин каарына калышып жатышат.Бакай болсо ошол элдердин унуну жеткизип жатат. Сенин сотторго прокурорлорго ишинен тушпосп эмнени билет элен.Иштеткенге мумкунчулук Бериша керек дейсин,эмне 30жыл аз убакытпы,сен учун, алар Октябрдын 5нен кийин келгендер эмес, эсин менен бол тарабыны талашпай, эл тарапта бол.
Макамат
Бааайды дарылто керек,ал больной адам
Бакытбек
Его и гоп кампанию надо отправить в психушку. Куда смотрят правоохранительные органы, это же незаконное формирование
Ира
Бакай мырза эн туура эле иштеп жатат, ичкич, жегичтер,коррупцияга баткан акмактарга туура айтып жатат