Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаровдун укуругу Бакыт Сыдыковго жетпейби?

22.01.2021 10:30
727
Садыр Жапаровдун укуругу Бакыт Сыдыковго жетпейби?


Карапайым калктын ыйынан муңунан, көз жашынан ачык-айкын арам бизнес жасап жаткандар акыркы мезгилде абдан көбөйдү. Болгондо да, акыркы үч айдын тегерегинде. Мисалы, Аэрофлот аба катам жолдору аркалуу арамдардын бизнеси. Бүгүнкү жумушсуздук, уурулук, жемкоорлук күч алып, чегине жеткен кезде, калдайган карапайым калк жакырлыктан жабыркап, аргасыздан өз мекенинен безип качып, мигрант болгон учур. Дал ушул кырдаалды пайдаланып...


Аэрофлот каттамдарында ашынган ырайымсыз ыпылас соода-сатык күч  алды. Менчиктелген авикассаларда адамдын ойуна келбеген тоскоолдуктарды ойлоп таап, түркүн амалдар менен, ортодон олчойгон пайда көрүшүп, элди ачыктан-ачык тоноп, томсортуп турган көйгөйкести кез. Булар тууралуу күн-түндөп айтылып, жазылып жаткан чак. Ал эми...


Ал эми, ушундай уйатсыз уурулукка баргандарга, бийликте олтурган аткаминерлер укмаксан, көрмөксөн болушкандары, таңкалычтуу жана түшүнүксүз.


Урматтуу Садыр Нургожоевич! Кантип эле, атасы ашынган амалкөй жемкоор Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Үсөновичке эл шайлаган Элбашчы президенттин укуругу жетпесин? Эмне себептен, аэрофлот тармагындагы  ашынган ууру, жемкорлордун уйугуна айланган тармакты кыргыз бийлиги көрбөй, укпай калсын? Россиянын шаарларына кыргыз жаштары жыргаганынан барышкан жок да? Карыздарга батышып, өмүрүн тобокелге салышып, кыштын суугунда... Андан дагы миңэсе жаман пандемияга да кайыл болушуп, үч-төрт эсе кыйбат авиабилет сатып алышкан мекендештерибиздин тагдырын кимдер ойлойт?


Шайлоо өттү. Эл ишеним үмүтүн артып, добушун берди. Убакыт учкан куш. Эзилген эл жаңы шайланган Элбашчысынан көптү күтүп, чыдамдары кетип жатат. Керек болсо, Сталиндик режимди киргизиш керек – деп, жалдырап, суранып жатат. Себеби...


Себеби, Бактыбек Сыдыкович Үсөнөвкө окшогондор тегерегиңди курчап турушат Садыр мырза. Элдин үмүтүн үшүтпө Элбашчысы. Ак үйдүн айланасындагы темир дубал жок. Ал жагын дагы эстен чыгарбоо керек...


Көзкарансыз журналист, публицист Мелис Арып-Бек

19.01.2021 жыл

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн