Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган иш сапары талкууланды

22.02.2021 19:04
885
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган иш сапары талкууланды

Бүгүн, 22-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин деңгээлинде эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр видеоконференция форматында өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга боло турган расмий иш сапарын даярдоого, анын мазмунун толтурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун Кыргызстанга боло турган иш сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министрлердин орун басарлары актуалдуу багыттар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашып, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн