Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Канат Сагынбаев аталган кызматка 2023-жылдын октябрында дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн