Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Саламаттык сактоо министрлигинин быйылкы консолидацияланган бюджети 34 млрд сомду түздү

18.11.2022 18:10
407
Саламаттык сактоо министрлигинин быйылкы консолидацияланган бюджети 34 млрд сомду түздү

2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы – 34,0 млрд сом, ал эми 2023-жылы 37,2 млрд сомду түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» Программасын ишке ашырууда жетишкендиктер жана чакырыктар» аттуу саммитинин жүрүшүндө билдирди.


Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, саламаттык сактоо саясаты 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруунун алкагында туруктуу өнүктүрүү принциптерине ылайык жүргүзүлөт.


«Саламаттыкты сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын аркасында өлкөбүз бир катар оң натыйжаларга жетише алды. Мисалы, калктын медициналык жардамга жана финансылык ресурстарга болгон муктаждыктарын канааттандырган саламаттык сактоонун модели түзүлдү. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу менен медицинага ата мекендик адистердин агымы үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү, дары-дармектерге байкоо жүргүзүү системасы киргизилип, башкарууну децентралдаштыруу жүргүзүлүүдө, саламаттыкты сактоо уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгы киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, оорулардын алдын алууну жакшыртууга, коомдук саламаттык сактоонун ролун күчтөндүрүү, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасын даректүү ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. Калктын социалдык жактан аяр жана жакыр категорияларына медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү маселеси өтө маанилүү бойдон калууда», - деди ал.


Акылбек Жапаров жеке саламаттык сактоо секторун, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.


Анын айтымында, мамлекет тармакка ири инвесторлорду тартуу менен жарандар сапаттуу медициналык кызматтарды алууда тандоо укугуна ээ болушу үчүн cергек атаандаштык чөйрөсүн түзүшү керек.


«Мен 2019-2030-жылга чейинки калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Программаны натыйжалу ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз кошкон баа жеткис салымына токтолуп, аларга терең ыраазычылык билдиргим келет. Бул документ калктын саламаттыгына инвестициялоо жана саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо боюнча программалык мамилеге негизделген. Бүгүн аяктап жаткан XXI Саммит саламаттык сактоо системасын мындан ары оптималдаштыруунун негизги багыттарын аныктоодо маанилүү этап болуп калат деп ишенем», - деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн