Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Бекболот Токтогонов алтын медаль тагынды

14.11.2022 09:40
589
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Бекболот Токтогонов алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.


Кыргызстандан курама командасынан 98 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов дүйнө чемпионатында алтын медаль алды.


Мындан сырткары, Дайырбек Карыяев 79 кг салмакта күжүрмөн самбо боюнча алтын, Феликс Уланбеков 71 кг салмакта күмүш, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.


Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн