Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕБ менен кызматташат

23.05.2023 11:58
340
Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕБ менен кызматташат

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Европа Биримдигинин Эл аралык кызматташтык боюнча башкы директорунун Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч Океан аймагы боюнча директору Петерис Устубс менен жолугушту.


Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон жана кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер катышты.


Министр Иманов белгилегендей, Европа Биримдиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат жана министрлик жаңы санариптик технологияларды киргизүү жаатында Европа Биримдиги менен кызматташуунун маанилүүлүгүн жогору баалайт.


"Учурда биз Европа Биримдигинин бюджеттик колдоо программасынын алкагында санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анын алкагында Кыргызстанда санариптештирүү секторунда реформаларды жүргүзүү, атап айтканда жарандардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу, электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн "Санарип аймак" тутумун интеграциялоо, жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук боюнча зор иштер аткарылды деп ишенимдүү айта алабыз. Ошондой эле министрлик тарабынан Электрондук башкаруу тутумунун санариптик архитектурасын өнүктүрүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптик коомду түзүү боюнча этаптуу жана пландуу иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө биз санариптик технологияларды иш жүзүндө колдонууну көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө кубанычтабыз. Мындай аракеттер биздин санариптик күн тартибин кармануудагы умтулуубузду жана өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн санариптик технологиялар берген бардык артыкчылыктарды иш жүзүндө колдонуудагы даярдыгыбызды чагылдырат", - деди Иманов.


Өз кезегинде Петерис Устубс Европа Биримдиги Кыргызстан менен санариптештирүү жаатындагы инновацияларды киргизүү боюнча кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилеп, Европа Бирлигинин Борбор Азиянын байланыш аз камсыз болгон, же таптакыр камсыздалбаган аймактарын спутниктик байланыш менен камсыз кылуу демилгесине басым жасады.


"Global Gateway флагмандык программасынын демилгесинин алкагында аталган программага катышкан өлкөлөрдүн байланыш менен аз камсыздалган же таптакыр камсыздалбаган аймактарын байланыш менен камсыздоо менен бирге Борбор Азиядагы санариптик ажырымды жоюуга болот. Программа Борбор Азияда жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүндөгү трансулуттук магистралдын жоктугу көйгөйүн азайтууга, спутниктер аркылуу колдо бар жаңы технологиялар менен байланышты камсыз кылууга багытталган",- деди ал.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Борбор Азия аймагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы санариптик ажырымды жоюуга багытталган “Global Gateway” программасынын алкагында Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы спутниктик байланыш боюнча аймактык демилгесин ишке ашыруу жаатындагы биргелешкен ишти улантуу боюнча бир пикирге келишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн