Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

04.11.2022 20:03
431
Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду


Жогорку Кеңештин депутатынан опузалап акча талап кылууга шектелип  кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн "эч жакка кетпөө" тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастады.


Анын айтымында, журналист учурда республикалык ооруканада дарыланууда.


3-ноябрда 48 саатка камакка алынган журналист Санрабия Сатыбалдиева Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен 4-ноябрда ооруканага жаткырылган. 


ИИМ Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирип, анын саламаттыгы тууралуу маалымат берген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн