Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сапар Исаковдун адвокаты Садыр Жапаровдун үстүнөн арызданды

29.12.2020 14:51
659
Сапар Исаковдун адвокаты Садыр Жапаровдун үстүнөн арызданды


Белгилүү адвокат, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдордун үстүнөн Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына кайрды. Бул тууралуу “Азаттык” маалымдады.


Анда айтылгандай, жактоочу жогорудагы үч саясатчыны актаган Жогорку соттун судьяларына каршы 29-декабрда арызданган.


Токтакунов Жогорку соттун үч судьясы айыптоо актысы бар экенине карабай мыйзам бузуу менен үч саясатчыны актаганын айтып жатат. Юрист өз кайрылуусунда Тартип комиссиясынан мыйзам бузууга жол берген судьяларды улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жана башаламандык жаратууга түрткү берген чечимдери үчүн иштен алып, жоопко тартууну талап кылган”, - деп айтылат аталган маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн