Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугуп жатып дагы бир талапкер Абдил Сегизбаевдин айыптоолоруна жооп берди. Шайлоочулардын бири “Сегизбаев сизди шайлоого 1 млн. долларды кайдан тапкан” деп кызыгып жатат дегендей суроо берген. Жапаров болсо чыгымдарын эл көтөрүп жатканын айтты.
“Мен түрмөдө жаткандар да жумасына 2-3 жолу эл тамагын, азык-түлүгүн, акчасын алып келип берип жатты. Шайлоо чыгымдарымды да эл көтөрүп жатат. Ал эми Сегизбаев жөнүндө айтпайын дедим эле, бирок айтышка туура келди. Ал адам кылмышка шектүү киши. Азыр эми оппозиция боло калайын, кийин кыйкырып чыкканымдын пайдасы тиет дегендей кылып жатса керек”, - дейт ал.
Демек, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев шайлоодон кийин камакка алынышы мүмкүн. Бирок, анын кандай кылмыш иштери бар экенин Жапаров ачыкка чыгарган жок.
Пикирлер (2)