Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Селден улам жабылып калган Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

Селден улам жабылып калган Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 13:40дар чамасында Лейлек районунун Коргон айылындагы Ош – Баткен –Раззаков жолунун 320-325 чакырым аралыгына сел суулары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.


"Саат 14:50дө ыкчам топ менен кошо Жол тейлөө ишканасынан 2 хово, 2 жүктөгүч жана 1 грейдер техникасы тартылып, саат 16:00дө Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн