Сербиянын президенти Александр Вучич 26-декабрда башкы кол башчы катары өлкөнүн армиясын эң жогорку күжүрмөн даярдыкта болууга буйрук берди. Бул тууралуу Коргоо министри Милош Вучевич социалдык тармактагы баракчасына жазганын РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Вучич Косово армиясы күжүрмөн согуштук даярдыкка өткөрүлгөндөн кийин армиянын даярдыгын күчөтүүнү тапшырган.
Бүгүнкү күндө Косоводогу сербдер менен Косово армиясынын мамилеси курч бойдон сакталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн