Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сыймык Жапыкеев – генерал-майор, Владимир Путин – полковник

15.03.2021 13:55
1646
Сыймык Жапыкеев – генерал-майор, Владимир Путин – полковник


Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен 5-мартта Сыймык Жапыкеев башында турган Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жоюлду. Анын жоюулушуна «аталган кызмат максатка ылайык иш жүргүзбөй калган» деген негиз айтылды. Демек, финполиция өз милдеттерин так аткара алган жок, ошондон улам аны кармап отуруунун зарылчылыгы калган эмес деп түшүнсөк болот.


Бирок, кызыгы аталган кызматты төрт ай жетектей калган Сыймык Жапыкеевке 4-мартта президенттин жарлыгы менен «Финполициянын генерал-майору» деген жогорку чин берилгени белгилүү болду. Коомчулукта «Кайсыл эмгеги үчүн?» деген суроо жаралды. Анан дагы «Эгерде Жапыкеев ушундай жогорку чинге татыктуу иштеген болсо, анда эмнеге финполиция жоюлду?» деген кошумча суроо бар. Же ошонун тескерисинче, «Финполиция максатка ылайык иш жүргүзбөгөнүнөн улам жоюлуп жатса, анда Сыймык Жапыкеевге эмнеге генерал-майор чини берилип жатат?». Же анын ага чейинки ашканада отуруп жасаган кадамдары үчүн ыйгарылдыбы?


Аскердик тартип боюнча алганда, генералдык чин кандайдыр бир эрдик (подвиг) жасаган болсо берилиши керек. Ошондо Жапыкеев кандай эрдик жасады? Же Финполициянын жоюлушун камсыздап бергени эрдик болдубу? Өзү кичинекей, экономикасы өнүкпөгөн, армиясы да анчалык кубаттуу эмес өлкө болсок, анан генералдардын санын улам эле өстүрө бергенибиз туурабы?


Дүйнө мамлекеттеринин тарыхын карай турган болсок, полковник чини менен эле ааламга аты таанылгандар бар. Алыс кетпей, Россич Федерациясынын президенти Владимир Путинди алалы. Ал ФСБнын директору кызматына келгенде полковник аскердик чини ыйгарылган. Азыркыга чейин ошол эле чини менен калган.


Ливияны 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинын да генералдык чини болгон эмес. Ал өлкө  башына келгенде полковник чини менен келген. Ошол эле чини менен калган.


1967-жылдан 2009-жылга Габонду жетектеген Омар Бонго лейтенант чини менен эле өмүрүнүн аягына чейин өлкөнү башкарган.


1999-жылдан 2013-жылга чейин Венесуэланы башкарган Уго Чавес да полковниктен жогору чин алган эмес.


Мына ушул дүйнөгө таанымал полковниктерден Сыймык Жапыкеев эмнеси менен артыкчылык көрсөттү? Буга чейин Эр артисти, эмгек сиңирген артисти, Эл акыны, Эл жазуучусу деген сыяктуу жогорку мамлекеттик наамдардын баркын кетирип алдык эле. Ал эми министрликтердин ардак грамоталары, төш белгилеринин салмагы самандай болуп калганына көп болду. Эми кезек генералдык чинге жеттиби?


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн