Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сох анклавына коридор берилбейт

14.03.2021 14:31
665
Сох анклавына коридор берилбейт

«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет» деген маалымат туура эмес. Кыргыз-өзбек өлкө башчылары жолугушканда пандемияга байланыштуу жабылып калган Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, жандантуу боюнча макулдашкан. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартипте — документтери текшерилип, катталуу аркылуу өтөт. Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, Өтүкчү көзөмөл өткөрүү жайынан, кайрадан текшерүү менен, Өзбекстандын Сох районуна киришет.


Белгилей кетсек, Кайтпас" өткөрмө бекети 2020-жылдынын март айынан бери, пандемияга байланыштуу жабык турган.


Ал эми Сох анклавында аба каттамын ачуу боюнча маселеде, Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган, чакан учактар учат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Уят да коридор берилет анан берилбейтдеп.Президенттин прессасы айтты го, кимисине ишенсе болот?