Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сох жана Баткен райондорунун акимдери жолугушту

09.11.2021 10:23
489
Сох жана Баткен райондорунун акимдери жолугушту


 КР Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Таян айылында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Сох районунун акими С.Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек-ара бекетин жылдырбоо, демаркациялоо процесси бүткөнгө чейин чарбалык иштерди токтотуп туруу, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, соода сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 


Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү.


Жолугушуу конструктивдүү духта, бирин-бири түшүнүү менен өткөрүлүп, өз максатына жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн