Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сокулук районунда «Йакын Инкар» уюмунун мүчөлөрү кармалды

07.03.2022 13:58
1307
Сокулук районунда «Йакын Инкар» уюмунун мүчөлөрү кармалды

 Диний мазмундагы тематикалык басылмалардын олуттуу топтомдору табылып алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК диний кырдаалды жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жамааттардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу максатында КР УКМК Чүй облусунун ИИББ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Сокулук районундагы «Йакын Инкар» диний- экстремисттик уюмдун (ДЭУ) 18 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси жүргүзүлдү.

 

  Тинтүү учурунда дээрлик бардык даректерде ичинде чет тилдерде диний мазмундагы тематикалык басылмалардын олуттуу көлөмү, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынып, жазык иши боюнча өтүп жаткан жарандарга карата процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн экспертизага жөнөтүлдү. 

 

  Даректердин биринде мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн коңшу мамлекеттин жарандары аныкталып, аларга карата тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

 

  Белгилей кетчүү нерсе, диний-экстремисттик уюмдун (ДЭУ) диний-экстремисттик ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-тергөө жана алдын алуу иш-чаралар Кыргыз Республикасынын башка аймактарында да өткөрүлмөкчү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн