Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сокулукта аңчылыкка чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан жарандын денеси табылды

Сокулукта аңчылыкка чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан жарандын денеси табылды

Сокулук районуна караштуу Кичи-Тоо тоосуна аңчылыкка кетип, кайтпай калган жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 50 жаштагы аңчы Д.З.нын сөөгү "Эдельвейс" тобунун 7 тоо куткаруучусу жана Сокулук райондук №23 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тарабынан табылды.


50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.


Эске салсак, 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган Александр Браун жана 1972-жылы туулган Дмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши "Кичи-Тоо" тоосуна аңчылыкка чыгышып, З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн