Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сокулукта кызганычтан улам чыккан жаңжал адам өлүмү менен аяктады

Сокулукта кызганычтан улам чыккан жаңжал адам өлүмү менен аяктады


Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


«Нөөмөтчү бөлүмгө «Рассвет» дача айылында 54 жаштагы А.Н.М.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери менен жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 41 жаштагы Х.И. кармалды», - деп айтылат маалыматта.


Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка кызганыч себеп болгон. Үйдүн кожойкесинин мурунку күйөөсү келип, анын чогуу жашап жаткан жаңы жолдошун көргөн. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, ал адам өлтүрүү менен аяктаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн