Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сокулукта куткаруучулар трактор күйгөнүнө карабастан, 5000 түк чөптү өрттөн сактап калды

Сокулукта куткаруучулар трактор күйгөнүнө карабастан, 5000 түк чөптү өрттөн сактап калды

Сокулукта куткаруучулар трактор күйгөнүнө карабастан, 5000 түк чөптү өрттөн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



   5-сентябрь күнү Сокулук району, Жаңы-Пахта айылындагы сүт-азык-түлүк фермасында (МТФ) ачык аянтта жыйылып турган 600 түктөн 200 түк чөп күйүп кетти. Андан сырткары трактор жана пресс-подпорщик күйүп, сарайдын бастырмасындагы 5000 түк чөптүн күйүп кетүү коркунучу пайда болгон. Бирок өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектөөгө алып, 5000 түк чөптү сактап калышты. 


    Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлдү. 

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн