Сокулукта 15 жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында 2006-жылы туулган Э. уулу М. аттуу бала каналга (быстроток) агып кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн